Жаңылыктар
КТРКнын "Ак шоола" сериалы жакынкы күндөрү көрүүчүлөргө сунушталат
УТРК жаңылыктары
КТРКнын "Ак шоола" сериалы жакынкы күндөрү көрүүчүлөргө сунушталат

КТРКнын колдоосу менен тартылган "Ак шоола" сериалы үч күндөн кийин көрүүчүлөргө сунушталат. Белгилүү акын, жазуучу Жыпара Исабаеванын "Адашкандар" романынын негизинде тартылган тасмага Кыргызстандын таланттуу, тажрыйбалуу актёрлору катышкан.

“Ак шоола” тасмасы турмуш чындыгынан алынып жазылган жазуучу Жыпара Исабаеванын “Адашкандар” романын негизинде тартылган. Адамдардын ички дүйнөсү, психологиялык абалы чагылдырылган чыгарма окурмандардын суроосу менен былтыр КТРКнын Биринчи радиосунун обосунан радиосериал болуп кетип, угармандардын купулуна арзыган. Жыйырма жыл мурда жазылып, бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпогон мыкты чыгарма коомчулуктун өтүнүчү менен телесериал болуп тартылды. 

Жети ай аралыгында 25 сериялуу тасманы тартууга кыргыздын көрүнүктүү артисттери Гүлайым Каниметова, Тынара Абдразаева, Күмөндөр Абылов, Самара Каримова жана талантуу жаш актёрлор катышып, образдарын эң мыкты ачып беришкен.
Ар бир кадрга жан киргизип, түс берген кесипкөй адистердин, заманбап техниканын жана мыкты операторлордун жардамы менен сериал сапаттуу тартылган. 

Калыстык издеп чындык менен күрөшкөн кесипкөй журналист Акшооланын жашоосу кандай аяктайт, ал тасманын аягында белгилүү болот. 15-октябрда баштала турган кызыктуу тасманын серияларын көрүүчүлөр калтырбай көрүшсө, бардыгы түшүнүктүү болот.