Жаңылыктар
Дүйшөмбү шаарында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңеши жыйынтыкталды
Саясат
Дүйшөмбү шаарында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңеши жыйынтыкталды

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңеши жыйынтыкталды. Соңунда соода-экономикалык жана гуманитардык багытта маанилүү чечимдердин ишке ашуусун бекемдеген бир катар документтерге кол коюлду жана биргелешкен коммюнике кабыл алынды.

Кенештин жыйынынын алдында ШКУга мүчө мамлекттердин өкмөт башчыларын Тажикстандын президенти кабыл алды. Эмомали Рахмон Шанхай кызматтык уюмунун өкмөт башчыларынын кенешинин ишине ийгилик каалады. Ал ШКУ аймактагы саясий, экономикалык жана бир катар маанилуу маселелерди тен салмактуу талдаган уюм экенин ырастап, анын курамына Индия менен Пакистан кошулганы ого бетер таасири артып жатканын айтты.
ШКУга мучө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кенешинин күн тартиби бул жолу да чөлкөмдөгү олуттуу делген маселелерге жыш болду. Мында премьер-министрлер көбүрөөк соода- экономикалык маселеге көңүл бурду. Атап алганда өлкөлөр ортосунда көп тараптуу сооданы бекемдөө, бажы кызматташтыгындагы тоскоолдуктарды жоюу, азык-төлүк коопсуздугу, транс чек аралык эпизоотиялык ыландардын алдын-алуу жана күрөшүүдө чогуу иш алып баруу, инвестиция, транспорт, энергетика, айыл чарба, телекоммуникация багытындагы кызматташтык дагы негизгилерден. Ушул жана башка маселелерди уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары адегенде тар чөйрөдө талкуулады.
Өкмөт башчылар көңүл бурган дагы бир маанилуу маселе - көп тараптуу соода-экономикалык программаны өркүндөтүү, ШКУнун ишкер кенешинин жана банктар аралык бирикмесинин иши. Бул өнүттөн алып караганда соода-экономикалык программаны дагы толуктап иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлдү. Анда жогорку технология жана санариптик экономиканы түзүүгө өзгөчө көңүл буруу жагы белгиленди. Кун тартибиндеги бул маанилуу делген сегизден ашык маселе талкууланган соң кенири жыйынга чыгарылды.