Жаңылыктар
Таластагы Манас Ордо улуттук комплексине көчмө-көргөзмө коюлду
Маданият
Таластагы Манас Ордо улуттук комплексине көчмө-көргөзмө коюлду

Таластагы Манас Ордо улуттук комплексине көчмө-көргөзмө коюлду. Эми Ордого келгендер Сулайман-Тоо тууралуу маалыматтарды да ала алат. Узуну 15, туурасы 3 метр болгон бул көчмө-көргөзмөгө Оштогу Сулайман-Тоодон табылган тарыхый буюмдар коюлуп, тоонун 5 чокусунун түшүрмөсү камтылган. 

Аны Сулайман-Тоо тарыхый-археологиялык комплексинин 70 жылдыгын утурлай, музей жамааты уюштурган. 

Мындай көчмө-көргөзмө республикада биринчи жолу уюштурулду. Ал эми Оштогу үңкүр музейде 32 миңден ашуун экспонат бар жана 120 адам эмгектенет.