Жаңылыктар
Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында
Айыл чарба
Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында

Быйыл аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, айрыкча элет жеринде дыйкандарга колдоо көрсөтүү, аларды жеңилдетилген насыялар менен камсыздап, андан ары түшүмдү кайра иштетүү жана экспортко чыгарууга керектүү шарттарды түзүү мамлекеттин алдында негизги багыттардан болуп коюлган. Бул багытта кыргыз орус өнүктүрүү жана кепилдик фонду жигердүү иштеп, дыйкан фермерлердин муктаждыктарын чечүүгө жакшы көмөк болууда.