Жаңылыктар
Кант кызылчасынын түшүмүн жыйноо кызуу жүрүүдө
Айыл чарба
Кант кызылчасынын түшүмүн жыйноо кызуу жүрүүдө

Быйыл болжолдуу түрдө 750 миң тоннадай кант кызылчасы жыйналат. Мындай маалыматты Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди. 

Маалыматтарга караганда, быйыл 16 миң 261 гектар жерге кант кызылчасы эгилген. Ушул тапта 4 миң гектардай аянттагы түшүм жыйналды. Андан 192 миң тонна кант кызылчасы жыйналды. 

Эскерте кетсек, "Кайыңды-Кант" заводу суткасына 3 тонна кант кызылчасын кайра иштет, ал эми “Кошой” заводу бир суткада 2,5 тоннаны иштетет. Былтыр “Кайыңды-Кант” 442 тонна кумшекер өндүрсө, “Кошой” заводу 185 тонна чыгарган.