Жаңылыктар
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын 15 жылдыгына арналган турнир өттү
Спорт
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын 15 жылдыгына арналган турнир өттү

Борбор калаадагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналып, кичи футбол боюнча турнир өттү. Ага жалпысынан сегиз жогорку окуу жайдын командалары катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Юридикалык академиянын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына карата уюштурулган турнир таң эрте башталып, кеч киргенде жыйынтыкталды. Ар бир оюн жогорку чыңалуу менен өтүп, күйөрмандар ар бир кыймылды көз жаздымда калтырган жок. 

Дарбаза алдында кооптуу абал жаралган сайын көрүүчүлөргө толгон трибунадан кубаттуу кол чабуулар жаңырып турду. Ар бири өзүнүн окуу жайына күйөрмандык кылып, колдоп жатышты.

Финалда Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин командасы менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын тайпасы кез келишти. Каршылаштарын ири эсеп менен жеңгендер юридикалык академиянын ректорунун кубогуна ээ болду. Дарбазасына 5 ирет жоопсуз гол өткөрүп алган Арабаев университети экинчи оорунда. Ал эми үчүнчү орунду Дене тарбия жана спорт мамлекеттик академиясы ээледи. 

Мелдеште эң башкы нерсе жеңүү гана эмес, катышуу дагы. Себеби, спорт биринчи кезекте атаандашуу эмес, достук мамилени чыңдоо дейт, күмүш медалдын ээси Максатбек Толоев.
Юридикалык академиянын ректорунун айтымында, мааракелүү датага арналган иш-чаралар муну менен эле токтоп калбайт. Жеңүүчүлөргө ардак грамоталар, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.