Жаңылыктар
Өзбекстанда Айтматовдун 90 жылдыгына арналган даректүү тасма тартылууда
Маданият
Өзбекстанда Айтматовдун 90 жылдыгына арналган даректүү тасма тартылууда

Өзбек кинематографистери Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган даректүү тасманы тартышууда. “Айтматов жана Өзбекстан” деген даректүү фильмди өзбек кино чеберлери өз жеринде башташып, залкар жазуучунун баскан жерлерин, ошондой эле, анын чыгармалары тартылган аймактарды тасмага түшүрүү үчүн кыргыз жергесине келишкен. 

Бул фильмди тартуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Өзбек Республикасында “Улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун туулгандыгынын 90 жылдыгын кеңири майрамдоо жөнүндөгү” токтомунун негизинде  жүргүзүлүп жаткан иш чаралардын бири. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Ульмас Каюмова, "Биринчи радио"