Жаңылыктар
Кыргызстанда жашыл экономика жумалыгы башталды
Экономика
Кыргызстанда жашыл экономика жумалыгы башталды

Кыргызстанда жашыл экономика жумалыгы бүгүн, 15-октябрда башталып, иш-чара 21-октябрга чейин созулуп, өлкө экономикасын экологияга зыян келтирбей өнүгүүнү даңазалайт. Өлкөдө жашыл экономика жумалыгы ушуну менен 4-ирет өтүүдө. 

Иш-чараны өкмөт, экономика министрлиги, ишкерлер коомчулугу менен чогуу уюштурууда. Жумалыктын алкагында айыл чарба адистерине жерди туура иштетүү боюнча семинарлар, тренингдер өтөт. Жашыл экономика жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөгө зыян тийгизбөө принцибинде ишке ашырууну максат кылат. Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча программа иштелип чыгууда.

“Программаны иштеп чыгуу былтыр башталган. Жакында аяктап калат”,- деди экономика министринин орун басары Автандил Алыбаева.