Жаңылыктар
Кыргызстанда жума ичинде катталган жол эрежесин бузуу фактылары
Кырсык
Кыргызстанда жума ичинде катталган жол эрежесин бузуу фактылары

Кыргызстанда бир жуманын ичинде 18 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Анын ичинде, 400 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен. 180 айдоочу мас абалында унаа башкарып кармалса, 2 миңге жакын айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарганы аныкталган. 

Ал эми жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3 миң 350 айдоочуга айып пул салынган. Ошондой эле, алдыңкы, капталындагы терезелери караңгылатылган унаа үчүн 73 айдоочуга чара көрүлүп, 3 миң айдоочуга уюлдук телефон колдонуу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып салынган.