Жаңылыктар
Өкмөт өкүлдөрү менен депутаттар футбол талаасында беттешишти
Спорт
Өкмөт өкүлдөрү менен депутаттар футбол талаасында беттешишти

Бишкекте өкмөт өкүлдөрү менен депутаттар футбол талаасында беттешишти. Мелдеш сергек жашоо образын жайылтуу максатында уюштурулган. Футбол федерациясынын оюн талаасында Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер жана алардын орун басарлары беттешишти. Оюнга депутаттардан эки, өкмөттөн эки команда катышты. 

Оюн спортту даңазалоо менен сергек жашоого үндөө жана өкмөт менен парламенттин ортосундагы ишти активдештирүү, саясатта, отчетто гана эмес, спорт аянтчасында да беттешип, күч сынашуу максатында уюштурулган.

Аткаминерлер футбол талаасында топ тебип кызуу оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында, 3-2-орунду Жогорку Кеңештин эки командасы алса, 1-орунду өкмөт мүчөлөрүнүн курама командасы багындырды. 

Өкмөт менен парламенттин ортосунда өткөн достук беттешин Жогорку Кеңеш уюштурган. Бүгүнкү мелдеште мыкты оюн көрсөткөн депутаттар Жогорку Кеңештин курама командасына тандалып алынат. Алар 18-21-октябрь күндөрү Москва шаарында өтө турган парламенттер аралык спартакиадага катышат. Орусиянын мамлекеттик думасынын 100 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан саамалыкта, ар кайсы мамлекеттерден барган депутаттар шахмат, футбол, бильярд сыяктуу спорттун бир канча түрүнөн күч сынашат.