Дагестандык Хабиб Нурмагомедов Инстаграм аркылуу америкалык мушкер Флойд Мейвезерди беттешке чакырды. Экөө тең азыркыга чейин мушташтан бир да жолу жеңиле элек. Мейвезер азырынча чакырыкка жооп кайтара элек.
Нурмагомедов – UFCнин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону. Мейвезер – бокс боюнча беш салмак категориясындагы дүйнөнүн экс-чемпиону. Ал карьерасында 50 жолу атаандаштарын жеңип чыккан. 7-октябрда Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегорду жеңип, өзүнүн чемпиондук титулун сактап калган. Ал эми Мейвезер менен Макгрегор 2017-жылдын августунда беттешкен. Анда алар бокс эрежелери менен таймашкан. Мейвезер техникалык нокаут менен утуп, бул анын акыркы мушташы экенин жарыялаган.