Жаңылыктар
Мушкер Барчынай Узгенбаева өзбекстандык Халида Собирова менен беттешет
Спорт
Мушкер Барчынай Узгенбаева өзбекстандык Халида Собирова менен беттешет

Кыргызстандык мушкер Барчынай Узгенбаева WEF Global 14 турниринин алкагында өзбекстандык Халида Собирова менен беттешет. Бул туурасында уюмдун Instagram тармагындагы расмий баракчасында айтылды. Кулатуу эр таймаш федерациясынын эл аралык деңгээлдеги турнири 10-ноябрда Бишкекте өтөт. Ага Борбор Азия, Россия, Бразилия, Корея жана Япония мамлекеттеринин спортчулары катышары болжолдонууда. 

Белгилей кетсек, Халида Собирова 61 килограмм салмак категориясында Өзбекстандын оксуз кармашуу спорту боюнча чемпиону. Кыргызстандык мушкер Барчынай Узгенбаева ушуну менен WEF уюмунда үчүнчү кармашын тартуулайт. Турнирдин алкагында өзбекстандык Шахзода Рахимованы эки ирет утуп алган.