Жаңылыктар
Буэнос-Айрес шаарында үчүнчү жаштар олимпиадасы өтүүдө
Спорт
Буэнос-Айрес шаарында үчүнчү жаштар олимпиадасы өтүүдө

Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында үчүнчү жаштар олимпиадасы уланууда. Азыркы тапта Кыргызстандын куржунунда эки күмүш жана бир коло медаль бар. Ошондой эле спортчулар аралаш командалар ортосундагы мелдештен эки ирет байгелүү орунга да ээ болушту. Суучул Денис Петрашов менен балбан Элмирбек Садыров күмүш медаль тагынса, фехтованиядан Хасан Бадунов коло байгеге ээ болду. 

Эске салсак, 6-октябрда башталган жаштардын үчүнчү олимпиада оюндары 18-октябрга чейин уланат. Ага 204 өлкөдөн келген төрт миңдей спортчу катышып, спорттун 32 түрүнөн таймашууда. Ал эми Кыргызстандан барган команданын 13 мүчөсү спорттун жети түрүнөн күч сынашууда.