Жаңылыктар
Бүгүн Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин туулган күнү
Маданият
Бүгүн Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин туулган күнү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин туулган күнү. Ал 1921-жылдын 15-октябрында Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 

Эмгек жолун Талас облустук «Лениндик туу» гезитинен баштаган. Тунгуч ырлар жыйнагы “Биринчи жаңырык” деген аталышта 1949-жылы чыккан. Анын 1959-жылы жарык көргөн “Ак Мөөр” поэмасы анын чыгармачылыгындагы чоң бурулуш жасаган чыгарма. 2016-жылдын 16-июлунда Сүйүнбай Эралиев каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"