Жаңылыктар
Абийиринди жашындан сакта
Кырсык
Абийиринди жашындан сакта

Бишкектеги №47 мектептин --- өзүнөн жогорку класста окуган эки окуучусунан таяк жеген 8-класстын окуучусу Амантурдун абалы канааттандыраарлык. Ал учурда борбордогу №3 балдар ооруканасында дарыланууда. Окуя ИИМдин көзөмөлүнө алынып, кылмыш иши козголду. Эки маңдай тиши күбүлүп, эриндери жырылып, мээси чайкалган Амантурдун сүйлөгөнгө алы келбей жатса да, биздин каналга окуянын чоо-жайын айтып берүүгө аракет кылды. 

Азыр Амантурду чоң атасы карап жатат. Окуучу борбордогу №47 мектепке бир жыл мурда эле которулган. Амантурдун абалы канааттандыраарлык. Мээси чайкалганынан улам, нейрохирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. 

Ал эми мектептен окуя тууралуу же окуучулар тууралуу жөндүү маалымат ала алган жокпуз. Тарбия иштери боюнча мүдүрдүн орун басары жакшы эле маалымат берип баштаган. Бирок, белгисиз себептерден улам, сөзүнүн аягына чыккан жок.

Бирок, Амантурду сабаган Мурат түнт мүнөздүү экенин жана андан баары коркушаарын кичүү класстын окуучулары айтып беришти. 

Бишкектин мэри Азиз Суракматов кырдаалды көзөмөлгө алып, Амантурдун абалынан кабар алды. Шаар башчысы окуя боюнча мектеп жетекчилиги жана аймакты тескеген милиция кызматкери жооп берерин айтты. Бул окуя Ички иштер министрлигинин көзөмөлүнө алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.