Жаңылыктар
Баланы иттер тиштеген
Кырсык
Баланы иттер тиштеген

Ал арада 12-октябрда Баткен районунун Ак-Турпак айылынынын 8 жаштагы тургуну Бекжанды бир нече ит талап, оор абалда ооруканага жеткирилген. Башы менен денесинин ондон ашуун жеринен катуу жаракат алган бала алгачкы күнү жандандыруу бөлүмүндө жатып, эртеси сыныктар бөлүмүнө которулган. Учурда баланын абалы туруктуу. 

Ак-Турпактын 8 жаштагы тургуну Бекжан Курсаналиев түштөнүү убагында талаага тамак ташып бара жаткан жеринен иттерге таланган. Өзүнүн айтымында, үч-төрт ит кол салган. Баланын итке таланганын көргөндөр ата-энесине дароо кабар жеткирип, учурунда ооруканага жеткирилген. 

Дарыгердин айтымында, баланын абалы туруктуу, анын бардык жаракаттары тазаланып, баш мээсине операция жасалган. Бир күн бою жандандыруу бөлүмүндө жаткан бала, учурда сыныктар бөлүмүнө которулуп, дарыгердин көзөмөлүндө. Ал эми баланы кандай ит тиштегендиги тууралуу, азырынча аныктамасы чыга элек экен. 

Окуядан кийин ветеринардык кызматы аймактагы иттерди дароо көзөмөлгө алып, тиштеген үч иттин экөөсүн таап текшергенде, алар өз учурунда кутурмага каршы эмдөөдөн өткөрүлгөндүгү аныкталды. Көзөмөлдө турган иттерден азырынча кутурманын белгилери байкала элек. Ал эми үчүнчү ит эмдөөдөн өтпөгөндүгүнө байланыштуу, атып өлтүрүлдү.

Баткен район алкагында жыл башынан бери иттен жабыркагандардын 181 учуру катталган болсо, былтыр 155 учур катталган. Анын айынан эки адам кутурма оорусунан каза тапкан. Илдеттин алдын алуу үчүн ит жана мал жандыктарга кутурмага каршы эмдөөлөр жүргүзүлгөн. Алсак, райондо жалпы 2440 ит эмдөөдөн өткөн. Ошол эле учурда көчөдөгү 835 жолбун ит атылган. Бирок, дал ушул окуя катталган Төрт-Гүл айыл өкмөтүндө жолбун иттердин атылбагандыгы тууралуу санэпид көзөмөл кызматы билдирди. 

Эгер кутурган ит тиштеген жаран, өз убагында дарыгерге кайрылбаса, анда кутурма вирусу адам денесине тарап, аны сактап калууга мүмкүнчүлүк жок. Андыктан, ит тиштеген учурда дароо дарыгердин көзөмөлүндө болуу шарт. Андайда кутурма вирусун да өлтүрүүгө шарт түзүлөт. Ошондой эле көчөдөгү жолбун иттерден оолак болуу керек. Ветеринардык кызматтын мыйзамында ит короодо гана түнкү саат 11ден эртең мененки саат 5ке чейин бош жүргөнгө болот. Башка учурда көчөгө чыккан иттер жолбун деп эсептелет. Ошол эле учурда ар бир иттин ээси сөзсүз түрдө итин ветеринардык каттоодон өткөрүшү керек.