Жаңылыктар
КТРКда көпчүлүк күткөн “Ак шоола” көп сериялуу тасмасы көрсөтүлө баштады
УТРК жаңылыктары
КТРКда көпчүлүк күткөн “Ак шоола” көп сериялуу тасмасы көрсөтүлө баштады

Эми кыргызстандыктар тасманы ар аптанын дүйшөмбүсүнөн жума күнүнө чейин кечки саат 10до көрө алышат. КТРКнын каржылоосу менен тажрыйбалуу режиссёр Ырыс Окенова тарткан тасманын бет ачаарына каналдын жетекчилиги, тасманын актёрлору менен чыгармачыл тобу жана бардык маданият күйөрмандары катышты. 

Мыкты жазылган чыгарма эч убакта эскирбейт. Белгилүү жазуучу Жыпара Исабаеванын жыйырма жыл мурда жазган “Адашкандар” романынын негизинде тартылган Ак шоола тасмасында чындык, бузукулук, алдамчылык, кесипкөйлүк, паракорчулук, жакшылык, жамандык жана махабат темасы терең чагылдырылган. Турмуш чындыгынан алынып жазылган драмада акыйкаттыкты издеп, тайманбай күрөшкөн тажрыйбалуу журналист айымдын жашоосу баяндалат. 

Чыгармага жана анын каармандарына жан киргизип, сериалдын заманбап, кызыктуу жана көрүмдүү болушу үчүн тасманын режиссёру Ырыс Окенова бардык күч-аракетин жумшаган. Тарбиялык мааниси зор фильм 25 сериядан турат. Анын тез жана сапаттуу тартылуусуна Кыргыз телерадио корпорациясынын көмөгү чоң. Бардык шарттарды каналдын жетекчилери түзүп беришкен.

Тасмага актёрдук мыкты курам чогулган. Жандат Жаманбаева, Анара Назаркулова, Гүлайым Каниметова, Тынара Абдразаева, Калык Акматов, Күмөндөр Абылов сыяктуу белгилүү артисттер менен катар Гүлсина Чотонова, Динара Абдыкадырова, Нурдөөлөт Копоев сындуу талантуу, көрүнүктүү актёрлор катышкан. 

Кесипкөй адистердин, заманбап техниканын жана мыкты операторлордун жардамы менен тасма кереметтүү Көл кылаасында жана Сары-Өзөн Чүйдө жети ай аралыгында тартылган.