Жаңылыктар
Абага көтөрүлө албай токтотулган учактын себептери иликтенүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Абага көтөрүлө албай токтотулган учактын себептери иликтенүүдө

12-октябрдын 13-октябрга караган түнү Домодедово аэропортунда "Эйр Манас" авиакомпаниясына таандык учак абага көтөрүлө албай койду. Буга техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылууда. Тактап айтканда, Москва-Бишкек каттамын аткарган самолёт учууга даярданып жаткан маалда тетикти алмаштыруу керектигин көргөзгөн эскертүүчү индикатор иштеген. 

Мындан улам каттам токтотулуп, каалган жүргүнчүлөрдун акчасын кайтарылып берилип, калгандары мейманканага жайгаштырылган. 150 жүргүнчүнүн басымдуу бөлүгү кыргызстандык эмгек мигранттары болгон. Арасында аялдар, балдар жана улгайган адамдар болгону айтылат маалыматта. 15-октябрь эртең менен бузулуп калган Боинг 737-800 учагы оңдолуп, Бишкекке келип конду. Белгилей кетсек, ата мекендик аба кемелерине байланышкан мындай көрүнүштөр буга чейин бир нече жолу катталганы маалым. Көпчүлүгү ички каттамдарда болуп жаткан эле.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"