Жаңылыктар
Тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды
Саясат
Тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Мыйзам боюнча, өкмөт мүчөсү иштен кетсе, Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Президентине Өкмөттүн мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна Жогорку Кеңештин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт. Президент Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин, үч күндүк мөөнөттө Өкмөттүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.