Жаңылыктар
XVIII Азия оюндарындагы жетишкендиктери үчүн спортчулар менен машыктыруучулар сыйланат
Спорт
XVIII Азия оюндарындагы жетишкендиктери үчүн спортчулар менен машыктыруучулар сыйланат

Президент Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарында жетишкендиктери, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын дасыккан спортчуларын даярдоого кошкон зор салымы үчүн айрым спортчуларды жана машыктыруучуларды «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. 

Жарлыкка ылайык «Даңк» медалы менен джиу-джитсу боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Багынбай уулу Төрөкан, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Каныбек Жолчубеков, жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Дарья Маслова, эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Магомед Мусаев жана аялдар күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова сыйланды. 

Ошондой эле, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» жана «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамдар ыйгарылды. Мындан тышкары, айрым спортчу, машыктыруучулар Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.