Жаңылыктар
Кыргызстанда күйүүчү майлоочу каражаттарга болгон баалар дагы жогорулайт деп күтүлүүдө
Экономика
Кыргызстанда күйүүчү майлоочу каражаттарга болгон баалар дагы жогорулайт деп күтүлүүдө

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына караганда, мунайдын негизги түрлөрүнө баа 3-5 сомго чейин кымбаттайт. Бул арада монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бензин, солярканын наркын бир калыпта кармап турууга аракет жасап жатат. 

Күйүүчү майлоочу каражаттарга болгон баалар Кыргызстанда жыл башынан тарта эле кымбаттай баштаган, ушул учурга чейин жогорулоо 9,2 пайызды түзүп, анда 39-40 сом болгон бензин, солярканын негизги түрлөрү азыр 44-46 сомдон сатылууда. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы алдыдагы бир ай ичинде майдын наркы дагы 3-8 пайызга чейин жогорулайт деп божомолдоодо. Бул Орусиянын базарларындагы баалардын өсүп кеткенине байланыштуу.