Жаңылыктар
Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды
Саясат
Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды

Жогорку Кеңеш Тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин жактырды. Аны жыйынга катышкан 101 депутаттын баары колдоду. 41 жаштагы Айдарбеков 20 жыл бою Тышкы иштер министрлигинин түзүмдөрүндө, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө, Жогорку Кеңештин Аппаратында эмгектенип, соңку 2 жылдан ашуун убакыттан бери Жапонияда элчи болуп иштеп келген.

Россиядагы Кыргызстандын ИИМ өкүлчүлүгүнө мекендештеринен ар кандай шылтоо менен акча опузалап жүргөн белгисиз адамдар тууралуу оперативдик маалымат бир нече жолу келип түшкөн. Буга чейин зомбулукка кабылгандын бири айласы кеткенде өкүлчүлүккө арызданып кайрылган. Бул жабырлануучунун көрсөтмө учурундагы сөздөрү. 

Кылмышка шектүүлөр 25 жаштагы Мадияр Касымбеков менен 26 жаштагы Аскар Абдилманап уулу аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары. Кыргыз милициясынын маалыматына ылайык, таксопаркта чогуу эмгектенген мекендештерин токойго алып чыгып, ур-токмокко алышып тапкан акчасын тартып алып турган. Июль айында орус-кыргыз милициясы биргелешип кылмыштуу топту колго түшүрүп, “сөзсүз келип туруу” талабы менен эркиндикке коё берилет. Бирок опузалоо тууралуу маалыматтын аягы тыйылган эмес. Жакында дагы бир жаран 1600 долларын, паспорт жана баалуу буюмдарын алдырганын айтып өкүлчүлүктөн жардам сураган. 

Биргелешкен операцияда кайрадан Аскар менен Мадияр колго түшкөн. Таксопаркты тинтүү учурунда белги түшүрүлгөн 10 миң рубль, тапанча, 54 айдоочулук күбөлүк, 35 даана кыргыз паспорту, үч аскердик билет табылган. Алар убактылуу камоочу жайга киргизилип, күнөөсүн тастыктаган далилдердин жетишсиздигинен улам кайрадан бошотулду. Кылмышка шектүүлөр ММКнын бирине арыздангандар ортосунда келишпестик жаралганын айтып, күнөөбүз жок деп маалымат берген.
Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Милиция кызматы шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо кайрылса болоорун эскертет.