Жаңылыктар
Мекендештерди карактап жүргөн кыргызстандык кылмышка шектүү эки жаран эркиндикте
Кылмыш
Мекендештерди карактап жүргөн кыргызстандык кылмышка шектүү эки жаран эркиндикте

Москвада өзүлөрүн Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсүбүз,- деп тааныштырып, мекендештерин карактап жүргөн кыргызстандык эки жаран кармалып, Россиялык күч органдары алардын күнөөсүн тастыктаган далилдер жетишсиз деген жүйө менен кайра коё берди. Шектүү адамдар ушуну менен экинчи ирет кармалып, эки жолу тең кылмыш иши ачылган. Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жетиштүү далил бар экендигин жана бул факты боюнча Россия Ички иштер министрлигине топтолгон материалды кайра карап чыгуу сунушун бергени жатат.

Россиядагы Кыргызстандын ИИМ өкүлчүлүгүнө мекендештеринен ар кандай шылтоо менен акча опузалап жүргөн белгисиз адамдар тууралуу оперативдик маалымат бир нече жолу келип түшкөн. Буга чейин зомбулукка кабылгандын бири айласы кеткенде өкүлчүлүккө арызданып кайрылган. Бул жабырлануучунун көрсөтмө учурундагы сөздөрү. 

Кылмышка шектүүлөр 25 жаштагы Мадияр Касымбеков менен 26 жаштагы Аскар Абдилманап уулу аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары. Кыргыз милициясынын маалыматына ылайык, таксопаркта чогуу эмгектенген мекендештерин токойго алып чыгып, ур-токмокко алышып тапкан акчасын тартып алып турган. Июль айында орус-кыргыз милициясы биргелешип кылмыштуу топту колго түшүрүп, “сөзсүз келип туруу” талабы менен эркиндикке коё берилет. Бирок опузалоо тууралуу маалыматтын аягы тыйылган эмес. Жакында дагы бир жаран 1600 долларын, паспорт жана баалуу буюмдарын алдырганын айтып өкүлчүлүктөн жардам сураган. 

Биргелешкен операцияда кайрадан Аскар менен Мадияр колго түшкөн. Таксопаркты тинтүү учурунда белги түшүрүлгөн 10 миң рубль, тапанча, 54 айдоочулук күбөлүк, 35 даана кыргыз паспорту, үч аскердик билет табылган. Алар убактылуу камоочу жайга киргизилип, күнөөсүн тастыктаган далилдердин жетишсиздигинен улам кайрадан бошотулду. Кылмышка шектүүлөр ММКнын бирине арыздангандар ортосунда келишпестик жаралганын айтып, күнөөбүз жок деп маалымат берген. 

Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Милиция кызматы шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо кайрылса болоорун эскертет.