Жаңылыктар
Чүйдүн Ново- Павловка айылындагы үйдөн 150 килограммдык сейф уурдалды
Кылмыш
Чүйдүн Ново- Павловка айылындагы үйдөн 150 килограммдык сейф уурдалды

Чүй облусуна караштуу Ново-Павловка айылында уурулар үйдөн 150 килограммдык сейфти алып чыгып кеткен факт аныкталды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянсак, сейфтин ичинде акча жана баалуу буюмдар болгон. 

Маалымдалгандай, 12-сентябрда Сокулук РИИБге талап-тоноо тууралуу арыз келип түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө белгисиз бирөөлөр үйдүн терезесинен кирип, 70 миң доллар акчасын, алтын буюмдарын жана баалуу документтер сакталган сейфти көтөрүп чыгып кеткени аныкталды. Бул кылмышка шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалды. Анын жанындагы 2 шеригинин дагы өздүгү такталып, издөө жарыяланды.