Жаңылыктар
Баткенде катталган авто кырсыктын себептери аныкталууда
Кырсык
Баткенде катталган авто кырсыктын себептери аныкталууда

Баткенде кичи автобустардын кагылышуусунан бир киши каза таап, 23 адам ар кандай жаракат алды. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, эки кичи автобус 17-октябрда Ак-Татыр айыл аймагында кагылышты. 

Кырсыктан жаракат алган 5 кишинин абалы оор. Учурда Баткен облустук ооруканасында жалпы 22 киши дарыланууда.

“Биздин машина айыптуу болуп эле карама каршы тилкеге чыкты. Бирок, нары келген машинаны байкабай калып, дароо тормоз берип токтогондо, келе жаткан машина үстүнө чыгып кетти. Биздин унаа тормоз баскан бойдон жайында турду, бирок ал машина жыгылды. Бизде 12 адам бар болчу. Алдыга бир адам каза болду, экөөсү оор абалда жатат”,- деди жабырлануучу Эркинай Кабаева.

“Ушул убакта ооруканда 19 ооруу дарыланып жатат. Тийиштүү дары дармектер жетиштүү. Алардын ичинен төрт жаш бала бар. Алардын абалы канааттандыраарлык. Коркунуч абалда эмес”,- деди Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын директорунун орун басары Абдулазиз Асанова.