Жаңылыктар
Сереп: Кадр саясаты реформага муктаж
Саясат
Сереп: Кадр саясаты реформага муктаж

Бүгүнкү күндө үч министрликте жетекчиликтин кызмат орду бош турат. Учурда бул көрүнүш көпчүлүктүн талкуусуна жем таштап, ал турсун социалдык түйүндөрдө тышкы иштер министри, эмгек жана социалдык өнүгүү министри, маданият, маалымат жана туризм министри кылып бир топ адамдардын аттары аталууда. Деген менен акыркы кездерде мамлекеттик кызмат орундары партияга мүчө адамдар менен толукталып келет. 

Анын арты бүгүнкү күндө калк  арасында айтылган “мурда кадрлар баарын чечет” деген принцип менен жүрсө эми практика көрсөткөндөй, партия сунуштаган кадрлар баарын чачат деген кептерге негиз болууда. Бул жагдайды белгилеген айрым эксперттер союз учурунан берки келе аткан эски ыкмаларды колдонуу натыйжалуу болорун айтышат. Ошол эле учурда, кадрдык тансыктыкты жабуу учун мыйзам иштелип чыкса деген ойлорун билдиргендер бар. Бул айтылгандар социалдык өнүгүү жана эмгек министри, анын орун басарларынын жосунсуз жоруктары аркылуу мисал келтирилип, алардын бардыгы партиянын кадрлары болгонун эске салынууда. 

Буга удаа эле өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисин кабыл алып, учурдун көйгөйү татыктуу кадрлардын таңсыктыгын чечүү тапшырмасын койду. Өлкө көз карандысыздыгын алган жылдардан бери мамлекет тарабынан каржылаган кадрлар кайда, президент айтып жаткан жаңы жүздөр ким болушу мүмкүн, министрлик кызматты көксөгөндөр кандай сапатка ээ болушу керек? “Сереп” уктуруусу саресеп салган.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"