Жаңылыктар
Чатырда билим алган окуучулардын көйгөйү убактылуу чечилди
Билим
Чатырда билим алган окуучулардын көйгөйү убактылуу чечилди

Мектеп имараты авариялык абалга кептелип, буга чейин чатырда окуп келген окуучулар көчүрүлдү. Билим берүү коопсуз жайда уланып жатат. Эске салсак, Токтогул районунун Өзгөрүш айылындагы №36 Анарбек Ибраев атындагы орто мектептин экинчи корпусу жаз айында урап түшкөн.

Өзгөрүш айылындагы №36 Анарбек Ибраев атындагы орто мектепте 700гө чукул бала окуйт. Мектеп имараты эки корпустан турат. Биринчиси 2010-жылы салынган. Ал эми экинчи корпус 1957-жылдары ашар жолу менен курулуп, 2015-жылы авариялык абалга кептелген. Эски имартта окууга болбойт деген чечимин Өзгөчө кырдаалдар кызматы да чыгарган. Бирок окуучуларды башка жакта окутууга шарт жок болгондуктан, ушул жылдын апрель айына чейин башталгыч класстын окуучулары эски имаратта окуп келген. Кийинчерээк бул имарат четинен урап баштаган.

Жыйындар залынан сырткары мектеп коридору экиге бөлүнүп, бири балдар үчүн ашкана, экинчисин мугалимдер бөлмөсү болгон. Ал эми окутуучулардын бөлмөсү класстык бөлмөгө берилген. Ошентип 120 балага ылайыкташкан мектеп имаратында 3 нөөмөт менен 700дөй окуучу билим алып жатат. Башка арга жок. Кыйналып-кысталсак да убактылуу кыйынчылыкка чыдап турабыз дейт окуучулар менен мугалимдер. 

700дөй окуучу билим алып баштаган мектептин көмүр отунун жергиликтүү бийлик камдап, кампасына төгүп берген. Жылуулук жагынан кышкысын маселе жаралбайт деп ишендиришет алар.

Көйгөйдү толугу менен чечүү үчүн 300 орундуу мектеп имаратын куруу муктаждыгы курч турат. Мектеп жамааты менен айыл тургундарынын да тилегини ушул. Жаңы мектеп келээрки жылдан калтырылбай курулса дешет мындагылар.