Жаңылыктар
Мектептердеги жарыктын жетишсиздиги балдардын көрүүсүн начарлатат
Ден соолук
Мектептердеги жарыктын жетишсиздиги балдардын көрүүсүн начарлатат

Жетишсиз жарык көздүн көрүүсүнө терс таасирин тийгизет. Дарыгер адистер бул маселеге өзгөчө көңүл бурууга чакырууда. Айрыкча мектептердеги жарыктын жетишсиздиги балдардын көрүүсүн начарлатат деп кооптонушат. Атайын текшерүүлөрдүн натыйжасында өлкөдөгү жалпы мектептердин 25 пайызында талап сакталбаганы аныкталган.

Жарыктын жетиштүү өлчөмдө берилбеши көйгөй катары карала бербейт. Бирок анын олуттуу залакасы бар экенин дарыгерлер танбайт.Баланын китеп окуп жаткан учуру дайым көзөмөлгө алынышы шарт. Мектептердеги жарыктын жетишсиздигине тынчсызданган ата-энелер жок эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөлдөө департаменти жыл сайын мектептерде текшерүү жүрүп тураарын билдирет. Соңку иш-чара маселеге өзгөчө көңүл буруу керек экенин көрсөттү.

Саламаттык сактоо министрлиги жарыкты туура берүүнүн ченемдерин 2016-жылы кабыл алган. Талап сакталбаса баланын ден соолугуна олуттуу зыян келтирилип, окууга болгон жөндөмү да жоголот деген кооптонуу бар.