Жаңылыктар
Айтматовдун Ошто калган изи...
Маданият
Айтматовдун Ошто калган изи...

2-3-ноябрь күндөрү залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Ош Чыңгыз Айтматовдун жашоосунда" деген аталыштагы салтанаттуу иш-чаралар өтөт.  Ага өлкөнүн жети дубанынан жана чет өлкөдөн келген коноктор катышат. Анын алкагында илимий-практикалык конференциялар, залкар инсандын чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөлөрү өтөт. 


Салтанаттуу иш-чаралар “Ош Чыңгыз Айтматовдун жашоосунда” деген аталышта өтүшү бекеринен эмес. 1931-1933-жылдары улуу инсандын атасы Төрөкул Айтматов Араван-Буура райкомунда биринчи секретары болуп эмгектенген. Жумушуна байланыштуу үй-бүлөсү менен Ошто жашагандыктан,Чыңгыз Айтматов үйүнө жакын жердеги бала бакчага барып калган. Ал бакча азыр да бар.

Азыркы тапта аталган бала бакчанын тарбиялануучулары ыр жаттап, калемгердин чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарып, Айтматовдун мааракесине даярданып жатышат.