Жаңылыктар
Картошканын баасы жакынкы убакытта жогорулайт
Айыл чарба
Картошканын баасы жакынкы убакытта жогорулайт

Дыйкандар картошканы толугу менен сатат. Ал эми анын баасы жакынкы убакытта жогорулайт. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди. Анын айтымында, республика боюнча картошканын килограммы орточо дүң баада 9-10 сом турат. 

Ал эми чекене баасы 12-17 сом. Айыл чарба министрлигинин маалыматында, былтыр картошка 83 миң гектар аянтка айдалса, быйыл 84 миң гектарга эгилген. Бул жашылча-жемиш көбүнесе Өзбекстанга экспорттолот. Анткени, коңшу өлкөдө картошканын бир жылдык дефицити жарым миллион тоннага жетет.