Жаңылыктар
Адам өмүрүн сактап калган кыргызстандык эки азамат төш белги менен сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Адам өмүрүн сактап калган кыргызстандык эки азамат төш белги менен сыйланды

Адам өмүрүн сактап калууда эрдик көрсөткөн кыргызстандык эки эр азамат Эркин Турсунбаев менен Чыңгыз Нурмухамбетов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын төш белгиси менен сыйланды. Эрдик көрсөткөн мекендештерибиз Санкт-Петербург шаарында болгондуктан сыйлыкты өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун колунан куткаруучулардын биринин атасы Эгемберди Турсунбаев алды. Эске сала кетсек, 5-февралда Санкт-Петербургда эки мекендешибиз Нива дарыясына чөгүп бара жактан эки жашар Кинан Алиевди сактап калышкан. Эгемберди Турсунбаевдин айтымында анын уулу баланын сууга чөгүп жактанын көрүп муз аралашкан сууга секирген. Куткаруучу Эркинге жардамга Чыңгыз да келген болучу.