Жаңылыктар
Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
Спорт
 Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Ош шаарында көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Көк бөрү федерациясынан билдиргендей, бул чемпионатта Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жаана Бишкек, Ош шаарларынан түзүлгөн 9 команда күч сынашат. 

Мелдештер Оштун "Төлөйкөн" ат майданында 29-октябрда башталып, 3-ноябрга чейин созулат. Байге фондусу - 2 миллион сом. Баш байге катары уткан командага 500 миң сом ыйгарылат.