Жаңылыктар
Байкоочу кеңеш КТРКнын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды
УТРК жаңылыктары
Байкоочу кеңеш КТРКнын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды

КТРКнын Байкоочу кеңеши телерадиокорпорациянын 60 жылдыгын майрамдоого даярдык иштери жана үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун чагылдыруунун жыйынтыгы боюнча маалыматты укту. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков билдиргендей, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун чагылдырууга 300дөн ашык кызматкер тартылып, эфирге чагылдырууга керек болгон бардык техникалар менен учурунда камсыз болуп турду. 

Көчүп жүрүүчү телевизиондук станция жана жабдыктар толугу менен ишке кирип, оюндар өткөн беш жерде кабарчылар, операторлор, режиссёрлор жана башка тиешелүү кызматкерлердин бардыгы толук курамда иштеп жатышты. 

Бул үчүн өлкө бюджетинен эч кандай каражат бөлүнгөн жок. Бардыгы КТРКнын өздүк эсебинен каржыланды. Ал эми каналдын юбилейин өткөрүүгө жыл башынан бери эле даярдык көрүлүп келет. 8-декабрь телевидение күнүндө каналдын мыктыларына мамлекеттик жана мекемелик сыйлыктар тапшырылат.