Жаңылыктар
Бишкекте эки күндүн ичинде 27 жол кырсыгы катталды
Кырсык
Бишкекте эки күндүн ичинде 27 жол кырсыгы катталды

Бишкекте Toyota Voxy менен Honda Civic үлгүсүндөгү унаалар кагышып, биринчиси оодарылып кетти. Маалым болгондой, окуя 18-октябрда кечки саат бештер чамасында Махатма Ганди менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан билдиришкендей, Honda Civic үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып Toyota Voxy автосуна урунуп, трассанын четине оодарылып калган. Анын кесепетинен эки айдоочу тең жабыркап ооруканага жеткирилди. Топтолгон материалдардын бардыгы тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, экспертиза дайындалды.

Бишкекте эки күндүн ичинде 27 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалымат агенттиктерине Бишкектин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Ага ылайык, 16-октябрда 18 жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, жыйырмага чукул адам жабыркады. Ал эми 17-октябрда 9 жол кырсыгы катталып, он чакты адам жабыркаган.