Жаңылыктар
Жети-Өгүздүк багбандар алма менен алмуруттун түшүмүн алууда
Аймак
Жети-Өгүздүк багбандар алма менен алмуруттун түшүмүн алууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району жыл сайын он миң тонадан ашык алма менен алмурутту экспортко чыгарат. Дыйкандар жыл сайын алма жана алмуруттун аянтын кеңейтүү менен жаңы сортторду да көбөйтүүдө. Буга чейин аймактын дыйкандары мөмө-жемиштин бир нече сортун жыйнап бүтүшкөн. Ал эми накта Ысык-Көл апортун бир кар баскандан кийин жыйноо салты бар.

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну Гүласыл Мусалиеванын бакчасында жалаң гана Ысык-Көлдүн апорт алмасынын түрү отургузулган. Мөмө жемиштеринин башка түрлөрү эчак жыйналып кампага киргизилген. Бир кар жаагандан кийин апорт термей илгертен келе жаткан салт сыяктуу карманышат. Үй-бүлөөнүн негизки каржы булагы катары, бышкан түшүмдү жакшылап жыйнап алуу үчүн болгон аракет көрүлүүдө.

Чынында эле быйыл айыл ичинде алма алмурут жүктөп кете турган чоң автоунаалар быйыл азыраак. Айылда эки чон автоунаа дал ушул Ысык-Көл апортун алып Орусиянын Чита облусуна жөнөгөнү жатышат.

Белгилей кетсек Жети-Өгүз району жыл сайын өрүктөн он миң тоннадан ашык, алма менен алмуруттан дагы он миң тоннадан ашык көлөмдө экспортко чыгарат. Дыйкандар жыл сайын өрүктүн, алма, алмуруттун аянттарын кеңейтип, жаңы сортторду көбөйтүшүүдө. Мындан экспорттук потенциал гана жогорулайт.