Жаңылыктар
Бишкекте жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн келечегин талкуулаган форум өттү
Айыл чарба
Бишкекте жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн келечегин талкуулаган форум өттү

Жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланып, айлана-чөйрөнүн булгануусун азайтуу менен экономиканы алга жылдырууга шыкак берген "жашыл экономика" форуму 4-ирет өттү. Анда максатты ишке ашыруучу документ - Жашыл экономика программасынын концепциясы даярдалып жатканын мамлекеттик органдар билдиришти. Иш-чарада программаны ишке ашыруу жана өнүктүрүү багыттары талкууланып, жеке сектордо жашыл технологияларды колдонуу менен жашыл экономиканы жайылтуу боюнча жаңы демилгелер айтылды.

Түнөргөн өндүрүштү сүрүп, жаратылыштын табийгый ресурстарын пайдалануу менен шаар куруп, жашоону жашыл кереметке айлантып келе жаткан адам. Көрүнүштү кол эмгеги менен Бишкектеги мектептердин 10-классынын окуучусу Марсель досу менен чогуу жасаган. Эгер адам каалап, аракет кылса, айлана-чөйрөнү булгабай, таза табият койнунда жуурулушуп жашоого болот - деп ишенет. Эмгегин “Жашыл экономика” форумунун катышуучуларынын көңүлүн буруу үчүн койгон.

Экологияга зыян келтирбей, экономиканы өнүктүрүү жолдорун азыр бүткүл дүйнө жүзү издеп жаткан чагы. Жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдаланып, Жашыл экономиканы ийгиликтүү колдонгон өлкө - деп Германиядан мисал алууга болот. Ал мамлекеттин элчиси тоолуу, сууга бай Кыргызстандын жаратылыш шарты жашыл экономика программасын ишке ашырууга, өнүктүрүүгө шарттары кенен деп эсептейт.

Өлкөдө жашыл экономика түшүнүгүн жайылткан, аны турмуш-тиричиликте, өндүрүштө колдонууну жайылтууга багыт берген, ишкерлер менен аткаруу бийлигин сүйлөшүү аянтчасына чакырган форум 4-ирет өттү. Жашыл экономика программасы өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясына киргизилген.
Экономика министрлиги жашыл экономикага өтүү боюнча 5 жылдык концепция даяр болуп калганын айтууда. Ага ылайык, программаны ишке ашыруучу мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Жашыл экономиканы ишке ашыруучу документте аны менен түздөн түз иштешкен бизнестин кызыкчылыктары эске алынышы зарыл.

Кыргызстандын экономикасынын негизги багыттары болгон - айыл чарба, энергетика, тоо-кен, туризм тармактары жаратылыш байлыктарынан көз каранды. Бул секторлорду туруктуу өнүктүрөбүз - десек, өнүгүүнүн пайдубалын түптөп алуу зарылчылыгын адистер белгилешет.