Жаңылыктар
Жогорку Кеңеште Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү
Маданият
Жогорку Кеңеште Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

Чыңгыз Айтматов адабиятта гана эмес, саясий, дипломатиялык иштерде да алдыңкы инсан экенин көрсөткөн. Жогорку Кеңеште уюштурулган илимий конференцияда залкар жазуучуга дал ушундай баа берилди. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарага парламенттин мурдагы төрагалары, коомдук ишмерлер, жазуучу, окумуштуулар катышты.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыктагы даанышмандыгы, коомдук турмуштагы орду, дипломаттык ишмердүүлүгү парламентте да даңазаланды. Залкар менен ар тармакта бирге иштеген инсандар чогулду. Айтматов Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болоор алдында СССРдин эл депутаты болгон. Ал эми 90-жылдары СССРдин, Орусиянын жана Кыргызстандын атынан да Бельгия, Нидерланд, Люксембург өлкөлөрүндө элчилик кызматты аркалады. Жаңы гана өз алдынча болууга жетишкен мамлекетке батыштын эшигин ачып, дипломаттык жөндөмүн көрсөткөн. Парламенттеги жыйында анын элчилик да, эл өкүлү катары да жасаган эмгектери эскерилди.

Ал эми Айтматовдун адабияттагы орду дүйнө окурмандары тарабынан жогору бааланган. Анын чыгармалары жалпы маданияттын өнүгүшүнө да салым кошкону жыйында белгиленди. Кино, театр, айтор залкардын мурастарын искусствонун бардык багыттарынан көрүүгө болот.

Көпчүлүк адабиятчылар Айтматовдун чыгармаларынан уламыш менен чыныгы жашоону айкалыштырган өзгөчөлүктү көрө алышат. Табиятты сүйүүгө, өткөндү унутпай, андан сабак алууга чакырган ар бир чыгармаларын дүйнө эли окуп үлгүрдү. Бирок ага карабай Айтматовдун мурастарына маани бербегендер өз жерибизде жок эмес.

Жогорку Кеңеш залкардын 90 жылдыгына карата буга чейин да бир нече иш-чараларды уюштурган. Айтматовдун мааракеси мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгиленүүдө.