Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында 6-октябрда башталган III жаштар олимпиадалык оюндары жыйынтыкталды. Мелдеште спорттун жети түрү боюнча Кыргызстандан 13 спортчу ат салышып, 2 күмүш жана 1 коло медаль утушту. Натыйжада Кыргызстан 206 өлкөнүн ичинен 67-орунга илинди.
Бул тууралуу оюндардын расмий сайтына жарыяланды. Анда сууда сүзүү боюнча спорттон суучул Денис Петрашов менен грек-рим күрөшүнөн Элмирбек Садыров күмүш байге утса, фехтованиеден Хасан Баудунов коло байге тагынды. Мындан тышкары кыргызстандык спортчулар аралаш командалар ортосундагы мелдештен эки ирет байгелүү орунга да ээ болушкан. Жаштар олимпиадасында жалпы командалык эсепте биринчи орунду Россиянын спортчулары ээлеп, алар 29 алтын, 18 күмүш жана 12 коло байгени олжолоп кетишти. Экинчи орунду Кытай, үчүнчүнү Япония өлкөлөрү ээледи.