Жаңылыктар
Орусияга кирүүгө тыюу салынган жарандар “кара тизмеден” чыгарылышууда
Чек ара
Орусияга кирүүгө тыюу салынган жарандар “кара тизмеден” чыгарылышууда

Ушул аптанын жагымдуу жаңылыктарынын бири - миграциялык мунапыстын жарыяланганы болду. Буга чейин ар кандай себептерден улам Россия Федерациясынын миграция кызматынын “кара тизмесине” кирип калган биздин жарандарга эми андан чыгууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Мунапыс кайсы бири жаран бузган мыйзамдын оор жана жеңилдигине карата колдонулат. Маселен, бир мыйзамдын эки бөлүгү боюнча Орусияга кире албай калган кыргызстандыктар өзүн Россия Федерациясынын ички иштер министрлигинин маалымат базасынан алдын ал текшертип алып, ноябрь айынан тарта бул өлкөнүн аймагына кире берсе болот. 

Мындан сырткары Орусиянын миграциялык мыйзамдарын, маселен, өлкөгө кирүү талаптарын бузуу, анча чоң эмес административдик мыйзам бузууга кабылган, же Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн болсо 16-октябрдан 10-декабрга чейин Россия Федерациясынын аймагына эч бир тоскоолдуксуз кирип чыкса болот.

Бул чечим президент Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынган.