Жаңылыктар
Күздүк айдап-себүү жумуштары элүү беш пайызга аткарылды
Айыл чарба
Күздүк айдап-себүү жумуштары элүү беш пайызга аткарылды

Өлкө аймагында күздүк айдап-себүү жумуштары элүү беш пайызга аткарылды. Учурдагы аба-ырайынын катаалдыгына карабай өнөктүктү белгиленген мөөнөттө жыйынтыктоо аракети көрүлүүдө. Келерки 2019-жылдын түшүмүүчүн керектүү жогорку сапаттагы  үрөн айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо департаменти тарабынан республика аймагына таратылып берилген.

Республиканын дыйкандары күздүк айдап себүү иштерин кыска мезгил аралыгында сапатуу жыйынтыктоо үчүн керектүү күйүүчү жана майлоочу майдын кору жетиштүү.  

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"