Жаңылыктар
Кыргыз - өзбек мамлекеттик чек арасы такталууда
Чек ара
Кыргыз - өзбек мамлекеттик чек арасы такталууда

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасынын дагы эки тилкеси сүрөткө түшүрүлүп, такталганын коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Наманган облусунда Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары кезигип, чек аранын калган жерин делимитациялоо жана демаркация маселесин талкуулады. 

Тараптар Фергана менен Баткен облустарынын аймагындагы Шахимардан тилкеси жана Наманган менен Жалал-Абаддын ортосунда жайгашкан Кандион-Булок тилкелерин тескеп, сүрөткө тартышкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протокол түзүлүп, кол коюлду.