Жаңылыктар
Өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча таймаш өттү
Спорт
Өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча таймаш өттү

Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча таймаш өткөрүлдү. Бул таймаш 7-апрель баатыры, спорт чебери Рустам Мамбетовдун жана КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Аскар Сартовдун жаркын элесине арналып салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. 

Таймашка Кыргызстандын бардык облустарынан жана Казакстандан төрт жүзгө жакын жаш спортчулар катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө иш-чаранын негизги максаты жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту азайтуу, сергек жашоого үндөө болду. Мелдеш эки күнгө уланып жеңүүчүлөргө ардак грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

"Жаш спортчулардын үч маал ысык тамагын мектептин ашканасына уюштурдук. Ал эми жатаканасын айыл эли биригип беш, алтыдан жаш спортчуларды үйлөрүнө алып кетишүүдө. Бул айыл элинин ынтымагын жана биримдигин көрсөтүүдө",- деди Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургуну Тынчтык Шаршеев.