Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов жол кырсыгына кабылды
Кырсык
Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов жол кырсыгына кабылды

Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов Бишкек-Ош жолунда автокырсыкка кабылыпандан анын жанындагы энеси каза болду. Кырсыктан эл өкүлүнүн жабырланган жубайы жана кайненеси Токтогул райондук ооруканага жайгаштырылган. Дагы бир нече киши жаракат алгандыгы айтылды. 

Маалыматтарга караганда айдоочу рулду башкара албай калган. Окуя Бишкек-Ош жолунун 207-чакырымында болгон. Депутаттын абалы жакшы экендигин кесиптештери айтууда. 22-октябрга карата адам өмүрүн алган бир нече автокырсыктар орун алды.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"