Жаңылыктар
Өнүгүп кетүү - өзүбүздөн
Экономика
Өнүгүп кетүү - өзүбүздөн

Аймактарды өнүктүрүү жылында өлкөгө бир катар инвесторлор тартылып, жаңы ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүп жатат. Мунун натыйжасында салыкка дагы бир топ киреше түшүп, аймактын инфратүзүмү жакшырып, кайсы бир деңгээлде жалпы өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө шарт түзүлүүдө.

Айбек Изаков жумуш жоктугунан көп жылдан бери Орусияда мигрант болуп иштеп келген. Бир четинен жолдун алыстыгы, бир жагынан жакындарынын жанында боло албагандыгы кыйнап келсе, эми минтип өзү туулуп өскөн айылына ишке кирди. Жаңы ачылган ишканадан чыккан заттарды кутуга салууга даярдайт. 

Кыргыз-Кытай биргелешкен заводу жыл сайын 12 миң тонна аммонит-жардыргыч затын чыгарууга кубаттуу. Ишкана өндүргөн жардыргыч заттар тоо-кен өнөр жайына, жол курууда, энергетика тармагында колдонулат. Завод жаңы технологиялар менен салынып, Кыргызстандагы аммонит чыгарган жалгыз ишкана болуп калды. 

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жүрүп жаткан мындай иш чаралар элеттиктердин демине дем кошууда. Учурда жергиликтүү 30 адам жумуш менен камсыз болуп, жакынкы аралыкта алардын саны 60ка жеткени турат. 

Учурда аймактарды, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт катары бааланып, жергиликтүү жетекчилер инвесторлорду тартып, жумуш орундарын түзгөнгө маани берип жатышат. 

Серепчилердин баамында айылдарды көтөрүү, инвесторлорду тартуу жана башка көрүлүп жаткан чаралар, бул жыл менен калып калбай, аймактарды өнүктүрүүнүн туруктуу системасына айланышы керек. Башкача айтканда дал ушул демилге кийинки жылдары ого бетер күчүнө кирип, жергиликтүү эл аны кош колдоп, келечекке карай жакшы улантып кетиши зарыл. Себеби демилге өзүбүздөн болбосо ал жумуштун бардыгын тыштан келип бирөө жасап бербеси турган иш.