Жаңылыктар
Экспортчуларга түзүлгөн жаңы мүмкүнчүлүк
Айыл чарба
Экспортчуларга түзүлгөн жаңы мүмкүнчүлүк

Мына ушундай айыл чарба продукциялары экспортко чыгарууну көксөгөн дыйкандар менен ишкерлерге дагы бир жакшы шарт түзүлдү. Бишкекте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде фито-санитардык карантиндик лаборатория ишке кирди. “Дордой ФУД” логистикалык борборунун алдында ачылган лабораториядан ишкерлер айыл чарба продукцияларынын сапатын текшертип, экспортко чыгаруудагы бардык документтерди ыкчам ала алышат.  

“Дордой Дыйкан” базарындагы бул фитосанитардык карантиндик лабораториянын иштеп жатканына бир жумадан ашты. Экспортко продукция чыгарат элем деп анын сапатына аныктама алууга келген ишкерлердин саны аз эмес. Акыркы үлгүдөгү микроскоптордун жардамында адистер азыкта сыртка чыгууга тыюу салынган заттын бар, жогун бат эле аныктап коюшат. 

Лабораторияда айыл чарба азыктарынын үлгүлөрүн сактаган кампа, идиштерди тазалоочу атайын жабдыктар да бар. Ишкерлер продукциясында экспортко чыгарууга тыюу салынган зат же курт-кумурска жок экени такталса, ЕАЭБ аймагы жана башка 3-өлкөлөргө чыгарууга тиешелүү документтердин баарын ушул жайдагы бирдиктүү терезеден ала алышат. 

Өлкөдөгү айыл чарба азыктарын экспортко чыгаруучулар керектүү продукциянын баарын Дордой ФУд логистикалык борборунан алышат. Өз кезегинде базар менен лабораториянын бир жерде болгону ишкерлердин убактысын жана каражатын үнөмдөп жатканын айтышууда.  

Логистикалык борборго 2000 тонна продукция сакталат. Республиканын бардык аймагынан айыл чарба азыктары алып келинген продукциялар ушул жай аркылуу чет мамлекеттерге жана ички базарларга тарайт. 

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ачылган лаборатория ушул күндөрү эрте мененки саат 9дан кечки 10го чейин иштейт. Алдыда ишкерлердин кызыкчылыгы үчүн күнү-түнү иштетүү планы бар. Республикада жалпысы ушуну менен фитосанитардык 5 лаборатория иштеп жатат. Келерки жылы Баткен жана Жалал-Абад облустарында эл аралык талапка жооп бере турган карантиндик лабораториялар да ишке кирет.