Жаңылыктар
Айдаркен сымап комбинатында сурьма өндүрүлөт
Экономика
Айдаркен сымап комбинатында сурьма өндүрүлөт

Өлкөнүн өрүш алуусуна өбөлгө болгон Баткендеги дагы бир ишкана, тагыраак айтканда, Айдаркен сымап комбинатында жаңы 3 меш курулуп, пайдаланууга берилди. Ишке киргизилген меш, өндүрүлгөн продукциядан сурьма менен сымапты өз-өзүнчө бөлүп алууга ылайыкташкан. Эми бул мештердин жардамы менен комбинат сурьманын да даяр металлын чыгара баштайт. Буга чейин ишкана бир гана сымап чыгарып келген болсо, эми сурьма да өндүрүлө баштайт. 

Өндүрүлгөн продукция 100 пайыз чет өлкөгө экспорттолот. Айдаркен сымап комбинатынын иштеп жатышы калкты жумуш орду менен камсыз кылуу менен бирге элди электр энергиясы, сугат суусу менен да камсыздап келет. 305 адам эмгектенген бул ишкана ушул жылдын март-апрель айларында иштеп баштап, бүгүнкү күндө 142 миллион сомдук продукция чыгарууга жетишкен. 10 жылдай иштебей туруп калган бул ишкана, ата мекендик инвесторлордун жардамы менен кайра өз ишин улантууда.

“Мына биринчи мештин отун жагып ишке киргиздик. Бул меште 5 тазалагыч бар. Алардан сурьма менен сымаптын бир дагы калдыгы учуп чыкпайт. Бул жылга 142 миллиондук продукция чыгардык. Эмки жылга 300 миллионго чейин чыгарабыз деп милдеттеме алдык”,- деди "Айдаркен" сымап комбинатынын директору Толубай Салиев.