Жаңылыктар
Бишкек шаардык мэриясы 9 айдын жыйынтыгын чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык мэриясы 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Бишкек шаардык мэриясы 9 айдын жыйынтыгын чыгарып баштады. Кечээ кезектеги жыйында Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт муниципиалдык ишканасынын маалыматы угулуп, 417 автобустун 150 автобус күнүгө ишке чыгаары белгилүү болду. 

Жараксыз абалга келген 152 автобусту эсептен чыгаруу сунушталды. Мындан тышкары “Бишкек лифт” ишканасынын 9 айынын жыйынтыгы айтылып, быйылкы жылга 25 лифти оңдоо пландалса, анын 7си гана иш жүргөнү ачыкталды. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"