Жаңылыктар
Бишкек — Ош жолундагы унаа кырсыгынан эки киши көз жумду
Кырсык
Бишкек — Ош жолундагы унаа кырсыгынан эки киши көз жумду

Бишкек — Ош жолунун 168-чакырымында "Honda Odyssey" унаасы кырсыктап, эки киши көз жумду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Ал эми Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы каза болгон айдоочу менен жүргүнчү аялдан тышкары дагы беш киши жабыркаганын кошумчалады. Ошту көздөй бараткан таксинин айдоочусу катуу ылдамдыктан улам рулга ээ боло албай калган. 

Окуя болгон жерге келген беш куткаруучу өлгөн адамдардын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардамга өткөрүп беришкен.