Жаңылыктар
Улуттар аралык кастыкты козуткан видеороликтерди тараткан адам кармалды
Кылмыш
Улуттар аралык кастыкты козуткан видеороликтерди тараткан адам кармалды

Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди тараткан адам кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет. Маалыматка караганда, 22-октябрда ыкчам-издөө чаралардын алкагында Баткен облусунун 29 жаштагы тургуну кармалган. 

Ал «WhatsApp» тиркемеси аркылуу 100 абонент катталган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайгаштыргандыгы аныкталган. Учурда кармалган жаран материалдарды таркатуу боюнча жасаган ишин мойнуна алып, өкүнгөнүн билдирүүдө. Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү жана процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн УКМКнын тергөө органдарына жөнөтүлдү.