Жаңылыктар
Оппозиция жана бийлик өкүлдөрү жолугушту
Саясат
 Оппозиция жана бийлик өкүлдөрү жолугушту

Бишкекте оппозиция жана бийлик өкүлдөрү жолугушту. Оппозиция аларга карата ар кандай кысымдарды, камоолорду токтотууну, ошондой эле чек ара маселелерин козгоду. 

Бийликтин атынан барган "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда оппозиция болуш керектигин, көз караштар ар түрдүү болгону менен өлкөнүн бүтүндүгү жана анын кызыкчылыктары сакталышы керектигин белгиледи.

Ал эми чек ара маселесинде бирдиктүү пикир болушу керектигин Ата-Мекен фракциясынын лидери баса белгиледи. 

Оппозиция менен бийликтин жолугушуусу мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун демилгеси менен уюшулду. Бийлик тараптан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган өкүлдөр келсе, оппозиция тарапты Азимбек Бекназаров баштап келди.

Бекназаров оппозиция өкүлдөрүнө карата ар кандай кысымдарды, камоолорду токтотуу, ошондой эле чек ара боюнча маселе козгоп, өзгөчө Жалал-Абаддагы Ункар-Тоо боюнча ачык сынын айтты.

Бекназаров өзүнө, баласына жана башка оппозиция өкүлдөрүнө карата ар кандай куугунтуктар болгонун да кошумчалап кетти.

Негизи опозициянын көчө көрүнүшүнө ооп кетиши азыркы парламенттин жана оппозициянын өз милдеттерин так аткарбай жаткан кемчилиги деген оюн Текебаев жашырган жок.

Ал эми Бекназаров белгилеген Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыровдун камалышын тергөө ишинен кийин белгилүү болорун Текебаев белгиледи.

"Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду 24-мартта Улуттук коопсуздук комитети бийликти басып алуу планына байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында кармаган.

Оппозициянын бардык суроолоруна жооп берген Өмүрбек Текебаев бийлик оппозиция менен сүйлөшүүдөн качпайт деп белгиледи. Бул жолугушуунун кийинкиде форматы да, көтөрүлгөн маселелери, темалары да кеңейип, тараптардын курамы да башкача болорун Ата-Мекендин лидери айтып кетти. 

Кайчылаш пикирдеги тараптардын жолугушуусун уюштурган Турсунбек Акун бардык маселе көчөдө эмес, сүйлөшүү жолу менен ишке ашканы замандын талабы дейт.

Ушундай эле форматтагы кезектеги жолугушуу 28-апрелде өтөөрү белгиленди. Оппозиция ага өкмөт башчы Темир Сариевдин катышуусун талап кылганы айтылат.